Биз менен байланышыңыз

Кургак учукту айыктыруунун бир ыкмасы — дем берүү

Блог | 9 Дек 2021 | 656 | 0

Оору адамды ар кандай абалга салып коёт. Айрыкча, айыкпас дартка же жугуштуу илдетке чалдыккандар арасында жашоодон түңүлүү, өзүн таштап коюу, үмүтсүздүк, кайдыгерлик өңдөнгөн терс адаттарга алдырып ийгендер кездешет.

Мунун ичинен кургак учук жугузуп алгандардын, өзгөчө ачык түрүнө кабылгандардын абалы өтө оор өтөт. «Көзүм өтүп кетсе, үй-бүлөм эмне болот?» деген сыяктуу тынчсыздануу, коркуу, кээде болор-болбоско ачуусу келип, кыжырлануу, адам жактырбай кагып-силкүү, кээде маанайы чөгүп, түнт тартуу, кээде оорусун кабыл алгысы келбей четке кагуу, айтор, ар түркүн жагдайларга кабылышы толук ыктымал.

Мындан улам кургак учук менен ооруган адамга колдоо көрсөтүү, маанайын түшүрбөгөнгө аракет кылуу, айыгып кетүүсүнө шык-дем берүү өтө маанилүү. Андыктан бул жаатта дарыгерлер сунуштаган төмөнкү эрежелерди эске тутуп алыңыз:

  1. Ооруган жакыныңыздын дарыларын өз убагында ичкенин, дарыгердин сунуш-кеңештерин өз убагында аткарганын көзөмөлдөп туруңуз. Албетте, урушуп, коркутуп эмес, жакшы мамиле аркылуу.
  2. Дарылоо курсунун жүрүшүн (башталганын, аяктаганын) дайым эсине салып туруңуз.
  3. Дарыгерге баруу күнүн пландоосуна көмөк көрсөтүңүз.
  4. Узак мөөнөттүү дарылоо учурунда аны алаксыта турган иш ойлоп табыңыз. Маселен, биргеликте китеп окуу, таза абада сейилдөө, музыка угуу сыяктуу. Жакшы эс алуусуна шарт түзүү — дарылоонун жүрүшү үчүн өтө маанилүү.
  5. Достору менен телефондон, интернеттен байланышып турушуна шарт түзүп бериңиз. Эң башкысы, жалгыз эмес экенин сездириңиз.
  6. Ушундай дартка чалдыгып, аны жеңип чыккан адамдардын маектерин, окуяларын таап окутканга, көргөзгөнгө, угузганга аракет кылыңыз. Дем берүү, шыктантуу, үмүт байлатуу үчүн бул да абдан керек ыкма болуп саналат.
  7. Кичине балдарыңар болсо, абайлаңыздар. Байкабай дарыларын ичип алышы мүмкүн.

Ооруган адам сиздин колдооңузга, жардамыңызга коомчулуктун туура кабыл алуусуна муктаж. Кургак учукту айыктырса болот!

Copyright © 2017 Maral FM