Биз менен байланышыңыз

БУУ Кыргызстанга 2018-жылдан бери 195 млн доллар жардам көрсөткөн

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 456 | 0

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды.

БУУ Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өлкөнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоорун белгиледи.

Жолугушууда БУУнун мекемелеринин учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди. 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин БУУнун Кыргызстанга көрсөткөн колдоосунун жалпы көлөмү 195 млн. долларды түзгөн. Бул жардам билим берүү, мыйзамдын үстөмдүгү, мамлекеттик институттардын дареметин бекемдөө, тынчтыкты орнотуу чөйрөлөрүндө көрсөтүлгөн.

Чек арадагы кагылышта жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына 2,5 млн. доллар өлчөмүндө жардам берилген.

БУУнун тутумунун келечек пландары боюнча кыскача маалымат берген соң, Ожиело Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосу менен тыгыз иштешүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM