Биз менен байланышыңыз

«Кургак учукка чалдыккандар азайып баратат»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 725 | 0

Кургак учукка чалдыккандар жылдан жылдан жылга азайып баратат. Бул тууралуу дарыгер фтизиатр Чолпон Ибраимова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча айтсак, 2018-жылы 6 миң, 2019-жылы 5 миң, 2020-жылы 3 жарым миң адамдан кургак учук табылып, каттоого алынган.

Кургак учуктун ачык түрү адамга аба аркылуу жугат. Бирок бейтап дарыланса, айлана-чөйрөдөгү адамдар үчүн коркунуч туудурбайт. Андыктан илдеттин белгилери бар адамдар өз убагында дарыгерге кайрылышы керек.

«Дарыланып баштагандан 1-2 ай өткөндө, бейтап өзүн жакшы сезе баштайт. Бул учурда айрымдар дарылоону дароо токтотуп коёт. Бул туура эмес. Анткени кургак учукту дарылоонун курсу 6 айдан 2 жылга чейин созулат. Кургак учукка каршы дары-дармектердин баары бекер берилет. Кээде башка илдеттер да коштоп жүрөт. Мындай учурда кошумча дарыларды бейтап өзү сатып алат», — дейт Ибраимова.

Маалыматка ылайык, кургак учуктун белгилери — жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо, түн ичинде тердеп, алсыроо. Кургак учук жаш тандабайт. Иммунитеттин түшүп кетиши, витаминдүү тамактанбоо илдетке жол ачат.

Copyright © 2017 Maral FM