Биз менен байланышыңыз

Коронавирус, рак, согуш, терроризм: Элдин өлүмүнө эмне себеп?

Блог , Дүйнө | 4 Июн 2020 | 855 | 0

Дүйнөдө адамдарынын өлүмүнө эмне себеп болууда? Рак, согуш, терроризм же балким ачкачылык, криминалдарбы?

Күн сайын дүйнөдө 150 миң адам көз жумат. Дээрлик 50 миңи жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапса, 25 миңи ракты жеңе албай жарык дүйнө менен кош айтышат. Калган 75 миң адамдын өлүмүнүн себеби эмнеде? Күн сайын Covid-19 дан 4 миң адам каза болобу?

Кургак учук согушка караганда кооптуу

Биринчиден, ЖМКлардан эмне жөнүндө көп угасыз: согуш, жаңжал, терроризм жана жаратылыш кырсыктары. Бирок булардан өтө аз сандагы адамдар каза болууда. Болгону күнүнө 25 адам жаратылыш кырсыктарынан көз жумат. Терроризм болсо күн сайын 75 адамдын өмүрүн алат. Согуш, жаңжалдардан болсо орточо эсеп менен 350 адам каза табат.

Өлүмдүн мындай себептерин жок кылуу үчүн көп нерсе кылууга болот. Ошондуктан, адамзат улуу ресурстарды согуш, терроризмге каршы күрөшүүгө жана коомду табигый кырсыктарга даярдоого жумшайт.

Өлүмдүн дагы төрт себеби (биз аны менен күрөшө алабыз) кургак учук (күнүнө 3 миңден ашык өлүм), ВИЧ/СПИД (болжол менен 2,6 миң), өзүн-өзү өлтүрүү (болжол менен 2,2 миң) жана безгек (1,7 миң).

Согуш, терроризмдин жана табигый кырсыктардын кесепетинен адам өмүрү кыйылганына карабастан, ушул төрт олуттуу себепке азыраак көңүл бурулат. Бул өз кезегинде саясатчылардын жана башка таасирдүү адамдардын көңүлүн бурат.

Ал эми коронавирус боюнча эмне десек болот?

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө карантинде, көпчүлүк жерлер жабылды. Бул аракеттер инфекциянын жайылышын басаңдатуу үчүн жасалууда.

Worldometer’дин маалыматына караганда, май айында Covid-19 менен ооругандардын саны күнүнө 3,5 миң-6,58 миң адамдын санын түзүп жаткан.

Деменция илдети менен коронавирустун курмандыктарынын саны бирдей.
Азыр дүйнөдө коронавирустан улам каза тапкандардын саны дем алуу органдарынын  ооруларынан, анын ичинде пневмониядан, бронхиттен жана кадимки сезондук сасык тумоодон көз жумгандардан азыраак болушу мүмкүн.

Күн сайын көптөгөн кары-картаңдар Covid-19’дан каза тапкан сыяктуу деменциядан да көз жумат. Алсак, Норвегияда коронавируска караганда деменциядан көп жабыр тартышат.

Өлүмгө дуушар кылчу оорууларды Британдык Оксфорд университетинин Our World in Data уюму жарыялаган.

Айрымдар жашоодон эрте кетет…

Өлүмдүн себептери ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай. Мисалы, Түштүк Африкада жана Ботсванада өлүмдүн негизги себеби ВИЧ/СПИД, бирок Норвегия сыяктуу өлкөлөрдө бул оорулардан аз гана адамдар көз жумат.

Эртеби, кечпи, баарыбыз кандайдыр себептерден улам көз жумабыз. Андыктан айрымдар эмне себептен эрте каза тапканын билүү кызыктуу болушу мүмкүн. Терроризм, согуштар жана табигый кырсыктарга кызыгуу чоң. Анткени аталган факторлордон каза тапкандар башка себептер менен көз жумгандарга салыштырмалуу бул дүйнө менен эрте кош айтышат. Жалпысынан алганда, кургак учук, ВИЧ/СПИД, безгектен, ошондой эле өз өмүрүн кыйгандардан каза болгондордун саны жөнүндө да ушул эле жагдайды айтууга болот.

Жугуштуу оорулардан каза тапкандар барган сайын азаюуда…

Эгерде биз мындан 30 жыл артка кайтсак, дүйнө жүзүндөгү өлүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгүнө кургак учук, ВИЧ/СПИД жана безгек сыяктуу жугуштуу оорулар себеп болгон. Ошондой эле балдардын өлүмүнүн деңгээли жогору болуп, аялдар көп учурда төрөттөн каза тапкан. Мындан сырткары бир топ адам тамак-аштын жетишсиздигинен көз жумган.

Ал эми учурда дүйнөдө жогоруда аталган себептерден улам каза болгондордун саны 1990-жылга салыштырмалуу дээрлик азайды. Дүйнөдө жалпы өлүмдүн 3/4 бөлүгү жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өнөкөт өпкө оорулары жана диабет сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга байланыштуу.

Балдардын өлүмү мурдакыдай…

2017-жылы каза тапкандардын дээрлик жарымы 70 жаштан өйдө куракта болушкан. Адамдар барган сайын узак жашап жатат.

1990-жылдан бери балдардын өлүмү эки эсе азайган. Ал кезде балдар дүйнөдөгү өлгөндөрдүн 1/4 бөлүгүн түзүшчү.

Бирок, ушул күнгө чейин дүйнө жүзүндө көптөгөн балдар беш жашка чыга электе чарчап калышат. 2017-жылы жер бетиндеги бардык өлүмдөрдүн дээрлик 10% ушул курактагы жаштарга туура келген.

Copyright © 2017 Maral FM