Биз менен байланышыңыз

Калктын 47 %ы коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 422 | 0

Кыргызстанда калктын 47 %ы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Ал өз сөзүндө коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө экендигин эске салды.

«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 1 млн 270 миң 517 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 62 миң 86 жаран экинчи компоненти менен эмделди. Бул калктын 47 пайызын түзөт», — деди ал.

Министрдин орун басары жалпы республика боюнча 860тан ашуун эмдөө пункту бар экендигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM