Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан төрт бейтап каза болду

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 428 | 0

Кыргызстанда 20-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 161, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 23 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 266 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM