Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 206 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 327 | 0

Кыргызстанда 6-январга карата коронавирус 206 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 143, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 18 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 58 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 302 бейтап, амбулатордук түрдө 529 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 237 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 811 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM