Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 29 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 343 | 0

Кыргызстанда 27-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 17, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 30 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 292 бейтап, амбулатордук түрдө 313 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 506 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 619 киши айыгып чыкса, 2 миң 797 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM