Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: 36 миң дарыгер коронавирус менен күрөшүүгө даяр

Коом | 19 Янв 2022 | 1069 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талантбек Имановдун талапкерлигин карашты. Ошондой эле коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду. Ал эми өкмөттүн жыл жыйынтыгы толук чыга электигине байланыштуу социалдык-экономикалык абалды талкуулоо кийинки жумага калтырылды. Парламенттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда биринчи маселе катары санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Алгач үч депутат ал маселени кароону күн тартибинен алып салууну сунушташты.

Мунун себеби катары депутаттар талапкерди Министрлер кабинетинен жооптуу адамдар келип, кепилдик берилиши керектигин белгилешип, «Сунушталып жаткан министрге ким кепилдик берет?» деген суроо салышты.

Андан соң министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов келип, Имановдун сүрдөп, өзүн жакшы тааныштыра албай жатканын, бирок анын акыркы жылдарды жасаган эмгектерине президент Садыр Жапаров ишенип, талапкерлигин сунуштаганын айтты.

«Албетте, азыркы талапкерди толугу менен президент Садыр Жапаров баш болуп, Министрлер кабинетинин жалпы жамааты жоопкерчилигин алабыз. Ар кандай колдоо жана жетектөө жүргүзөбүз. Бул кишиге толук ишеним көрсөтүп жаткандан кийин, жоопкерчилигин да чогуу тартабыз».

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жеңишбек Токторбаев кечээтен бери Талант Имановго жардам берип жүргөн санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Айнура Туйбаеваны мыкты кызматкер, күчтүү адис катары ар бир суроого жооп берүүдө кагаздарын даярдап берип жатканын айтып, көп жылдык тажрыйбасы бар ички кадрлардын коюлбай келгенин сынга алды.

Ал эми депутат Улукбек Ормонов Талант Имановдун буга чейин кармалып кылмыш иши козголгонун айтып, ал иштин жыйынтыгы кандай болгонуна кызыкты.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төмөнкүдөй жооп кайтарды:

«Азыр Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калган жок. Бардыгыбыз, мына мамлекет башчыдан баштап соттолуп, керек болсо бир жылдап шектелип абакта жаттык. Шектелүү, камалуу оңой болуп калган. Ошондуктан, биздин жаш талапкердин атына өтө эле көп шектер айтылып жатат. Жогорку Кеңеште текшерилбеген «бир ай камалып чыккансың» деген маалыматтар айтылып жатат. Бул эми калп, мындай факт болгон эмес. Болсо болгондур балким, бирок сот тарабынан күнөөлүү деп табылбагандан кийин президент тарабынан ишеним көрсөтүлүп жатат. Учурда жоопкерчиликтин баары президентибиздин мойнунда. Ошондуктан ал киши өзү да таразалап көргөндүр. Жогорку Кеңешке алып келинип жаткандан кийин менин оюмча текшерүүдөн өткөн».

Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна президент сунуштаган Талант Имановго түрдүү сунуштар жана суроолор берилген соң, талапкерди кызмат орунга дайындоону 53 депутат колдоду.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавируска байланыштуу айрым алгоритимдер өзгөрүп, мындан ары бир адамдан коронавирус табылса, бир класс же бир ишкана карантинге жабылбай турганын билдирди.

«Министрлер кабинетинин учурда позициясы так. Мектептерди жабабызбы, карантин киргизебизби, мындан эч кандай майнап чыкпайт. Жаңы «омикрон» штаммы келди, ал ар бир бурчка жайылды. Жуккандарга жукту, жукпагандарга бири-биринен өтүп жайылды. Ошондуктан биз кечээ да Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен талкуулап, бир канча алгоритимдерибизди өзгөрткөнгө туура келди. Эски алгоритм боюнча бир коллективде же бир класста коронавирус  бир кишиде аныкталган болсо, толук жабылып, алар карантинге кетүүгө аргасыз болчу. Биздин оюбузча, бул жол эч качан эффективдүүлүгүн бербейт. Жукканы жукту, жайылды». 

Ошондой эле Байсалов жалпы жарандарга кайрылып, сасык тумоо жана «омикрондун» белгилери аныкталган учурда ПЧР-тест тапшырып, ары-бери баспай, өзүн-өзү изоляцияга алып, коронавирус катары эсептеп дарыланууну сунуштады. Анын айтымында, «омикрон» илдети ушул жылдын март айынын ортосуна чейин уланат.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда 36 миң дарыгер атайын окутуудан өтүп, коронавирус менен күрөшүүгө даяр экенин, ал эми дары-дармектердин болсо үч айга жете турган кору камсыздалганын маалымдады.

«2020-жылдагы компенсацияны медиктерге 100% бердик: каза болуп калгандарга 1 млн сомдон, «кызыл зонада» иштеп, оору жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сомдон. 29-мартта эмдөөнүн биринчи толкунун баштаганбыз. Ошондон бери 7 вакцинанын түрү бар. Учурда Кыргызстандын булуң-бурчунда вакцинанын саны жеткиликтүү. 5,5 млн вакцинаны сатып алдык. Андан кийин 2020-2021-жылы COVAX программасына кирип, учурда гуманитардык жардам менен алып жатабыз. 2022-2023-жылга жете турган вакцина бар. Бүгүнкү күндө 1 млн 274 миң 688 адам биринчи дозадагы вакцина алып, экинчи дозасын 1 млн 65 миң 471 адам алды. Азыркы тапта 23 миңден ашуун адам үчүнчү дозасын алууга жетишти». 

Депутат Дастанбек Жумабеков илдет боюнча маалыматтык колдоо начар болуп жатканын белгилеп, дары-дармектин наркын көзөмөлдөө керектигин эскертти.

«Беткап кийүү маселеси унут калды. Ошондой эле дары-дармектердин наркын да көзөмөлдөө учур талабы».

Ал эми депутат Марлен Маматалиев COVID-19ду аныктоочу ПЧРдин наркын төмөндөтүү зарылчылыгына токтолсо, депутат Таалайбек Сарыбашев эрежелерди катаалдатып, беткап тагынууну милдеттендирүү шартын киргизүү оюн айтты.

Учурда талкуу суроо-жооп иретинде уланууда.

Эскерте кетсек, бүгүн Министрлер кабинети социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат бермек. Бирок учурда өкмөттүн жыл жыйынтыгы толук чыга электигине байланыштуу аны талкуулоо кийинки жумага калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM