Биз менен байланышыңыз

Соңку суткада 4 миң адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 497 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 4 миң 907 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 778 адам вакцинанын биринчи дозасын 2 миң 129 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 265 миң 948 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 57 миң 617 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Copyright © 2017 Maral FM