Биз менен байланышыңыз

«Кургак учук тукум куубайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 797 | 0

Кургак учук тукум куубайт. Бул тууралуу дарыгер фтизиатр Чолпон Ибраимова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кургак учукка кабылган бейтап убагында дарыланбай жүрүп, үй-бүлө мүчөлөрүнө да илдет жугузат. Натыйжада бир үй-бүлөдө 3-4 адам ооруп калгандыктан, «кургак учук тукум кууйт» деген ой жаралат.

Кургак учук кол кармашып учурашканда, буюмдарды кармаганда жукпайт. Илдетке кабылып, убагында дарыланбаган бейтап жөтөлүп, чүчкүргөн учурларда гана аба аркылуу жугат.

“Кургак учукка чалдыккандар азайып баратат”

 

 

Copyright © 2017 Maral FM