Биз менен байланышыңыз

«Кургак учуктан толук айыгууга болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 631 | 0

Кургак учуктан атайын дарылардын жардамы аркылуу гана толук айыгууга болот. Бул тууралуу Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Ырысбү Сарыбашева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кургак учукка чалдыккандар элдик медицинаны, түрдүү ыкмаларды колдонушат. Бирок алар илдеттен толугу менен арылууга жардам бербейт.

Кургак учукка кабылган бейтап дарылоо курсунан толук өтүшү керек, токтотуп коюуга болбойт.

Илдеттин белгилери — жөтөл, дене таптын көтөрүлүшү, чарчоо, түн ичинде тердеп, алсыроо. Кургак учук жаш тандабайт. Иммунитеттин түшүп кетиши, витаминдүү тамактанбоо илдетке жол ачат.

Copyright © 2017 Maral FM