Connect with us

Бишкекте дарыгерлер тынчтык митингине чыгышты

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1263 | 0

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканалардын дарыгерлери тынчтык митингине чыгышып, Ак үйдөн Өкмөт үйүнө чейин жөө жүрүш жасашты. Ак халатчан дарыгерлер социалдык аралыкты сактоо менен турушту.

Дарыгерлер убада кылынган 200 миң сом кенемтени төлөп берүүнү, эмгек акыны 100% көтөрүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, айлык акынын көтөрүлүшү тууралуу билдирүүлөр айтылганы менен, иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн эмес.

Алар ошондой эле медициналык кызматкерлерди коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышууда.

Катышуучулар эгер талаптары аткарылбаса, анда Ош, Баткен жана башка облустагы дарыгерлерди да чакырышарын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM