Биз менен байланышыңыз

Кунакунов: Азыр да камайбыз деген чалуулар болуп жатат (видео)

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 2172 | 0

Добуш сатып алгандар жана саткандар камаласыңар деп алып, бийлик өзүнө ылайыктуу талапкерлерди коргоп, аларды карматпай, башкаларды карматып, эки жүздүүлүк кылды. Мындай пикирин Ленин райондук №26 шайлоо округунан талапкер болгон, мурдагы депутат Максат Кунакунов билдирди.

«Мына менин штабымдан 5 адамды «50 млн сом беребиз, «подстава» кылабыз, колго түшүрүп бергиле» деп башташты. Анан менин эки адамым ооруканага жатып калды. Биз шайлоо өнөктүгүнүн бүтөрүнө бир жума калганда штабдарыбызды жабууга аргасыз болдук. Акыркы бир жумада агитация кыла албай койдук. Анткени бизди бүт жагынан «силерди карматабыз» деп чыгышкандыктан атайын жаптык. Ошондон менин командамда башаламандык башталды. Менин командамдан адамдар камалбасын деп ошондойго бардык. Биздин ызаланганыбыз шайлоонун жыйынтыгы туура эмес болду, мурункудан да ашып кетишти», — деди Кунакунов.

Ошондой эле ал шайлоо акыйкатсыз өтүп, талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары ал Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясий каралоо менен куугунтуп көрүп келгенин айтып, азыр да камайбыз деген коркутуулар болуп жатканын кошумчалады.

«Азыркы бийлик да ачык сындаганыбыз үчүн «эмнеге ачык айтасыңар» деп бизди коркутуп жатат. Камайбыз деп жатышат. Мен айтам, камай бергиле, коркпойм, чындык үчүн күрөшкөм, мындан кийин да чындык үчүн күрөшөбүз», — деди Кунакунов.

Copyright © 2017 Maral FM