Ленин райондук №26 шайлоо округунан талапкер болгон, мурдагы депутат Максат Кунакунов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылды. Бул тууралуу ал «Маралга» билдирди.
Кунакунов маалымдагандай, ал УКМКга бүгүн, 30-ноябрь саат 9:30да барат.
Эске салсак, буга чейин Кунакунов телефон чалып, коркутуулар болгонун айткан эле.