Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын төрагасы эки айга камалды

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 735 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камалды. Чечим кечээ, 19-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

Соттун чечимине ылайык, Кубанычбеков 17-мартка чейин камакта болот.

17-январь күнү УКМК Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармаган. Ал бул кызматка өткөн жылдын 27-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сунушу менен дайындалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM