Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жогорку окуу жайлардын жасалма диплом берүү фактылары текшерилүүдө

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 449 | 0

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерде кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү тапшырмасынын алкагында ата мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда.

ЖОЖдор тарабынан берилген текшерүүдөгү дипломдордун саны боюнча маалмат төмөнкүдө:

  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;
  • К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) — 11;
  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) — 5;
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) — 5;
  • Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). — 3;
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) — 2;
  • Финансы-экономикалык академиясы — 1;
  • Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы — 2;
  • К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети — 1;
  • «Дастан» технологиялык университети — 1;
  • Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту — 1;
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) — 1;
  • Бишкек технологиялык колледжи — 1;
  • Бишкек финансы-экономикалык техникуму — 1;
  • Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2;
  • Ош технологиялык университети — 1;
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;
  • К. Батыров атындагы элдердин достугу университети — 2;
  • Чүй университети — 1;
  • Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму — 1;
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети — 3;
  • Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы — 1;
  • Балыкчы социалдык-экономикалык институту — 1;
  • Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби — 1;
  • Талас мамлекеттик университети — 1.

УКМК: Жогорку Кеңештин 4 депутаты, 1 аким, 1 мэр жасалма дипломго шектелүүдө

Copyright © 2017 Maral FM