Биз менен байланышыңыз

Президент УКМКнын Жалал-Абаддагы жаңы имаратынын ачылышына катышты

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 383 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы УКМК ардагерлеринин жана кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекетибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугун кынтыксыз камсыз кылган кызматкерлер ар тараптан колдоого алынып, аларга тиешелүү шарттар менен кошо социалдык кепилдиктер берилиши зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге президент иштин оордугуна жараша шарт түзбөй туруп, кызматкерлерден кандайдыр бир натыйжаларды, ийгиликтерди талап кылуу адатынан качуу керектигине токтолду.

Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

«Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», — деп түшүндүрдү.

Сөзүнүн соңунда, Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоо боюнча ишинде ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM