Биз менен байланышыңыз

Жапаров Түркмөнстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 382 | 0

15-мартта президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов менен телефондон сүйлөштү.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду 12-марттагы президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. Ал эми Сердар Бердымухамедовду ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, мамлекеттик жогорку кызматта ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жеке көңүл бурганы үчүн Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирип, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы катары конструктивдүү байланыштарды улантууга даяр экенин маалымдады.

Тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Жапаров Сердар Бердымухамедовду ушул жылдын 21-июлунда Ысык-Көлдө өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM