Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кытайдан Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 817 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Бээжин шаарына 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Сапардын алкагында Жапаров «Бээжин-2022» Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаровдун иш сапары аяктап, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.

Copyright © 2017 Maral FM