Биз менен байланышыңыз

2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланды

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 1346 | 0

Кыргызстанда 2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланды. Тиешелүү жарылкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган.

Президентинин жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетине 1-мартка чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Кыргызстандын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча өкмөттүн иш-чаралар планынын артыкчылыктуу багыттарынын бири БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык климатка туруктуулук жана экономиканы өнүктүрүү боюнча чаралар болуп саналат.

Бул өлкөнүн экология жана климат чөйрөсүндөгү глобалдык максаттарга берилгендигинин ырастоосу, ошондой эле эл аралык климаттык күн тартибинин чектеринде активдүү ишти улантаарын билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM