Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде (видео)

Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 404 | 0

Президент Садыр Жапаров Пекин шаарындагы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чара «Куш уясы» деп аталган Пекин улуттук стадионунда өттү. Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.

Спортчулардын парадына ата мекендик лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Кытайда иш сапары менен жүрөт жана анын алкагында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине барды.

Copyright © 2017 Maral FM