Биз менен байланышыңыз

Президенттин сайты: «Жапаров катышат» деп иш-чарага чакырып, акча тапкандар көбөйдү

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 644 | 0

«Мамлекет башчысы катышат» деп иш-чарага чакырып, көз боёмочулук менен акча талап кылган учурлар көбөйдү. Мындай маалыматты президенттин сайты жарыялады.

Анда акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, жарандарга телефон чалып, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда иш-чараларга чакыргандар көбөйгөнү жазылган.

«Ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылышат. Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM