Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун катышуусунда социалдык маселелер боюнча республикалык жыйын өтөт

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 483 | 0

4-апрелде Бишкекте социалдык блок боюнча республикалык жыйын өтөт. Ага президент Садыр Жапаров да катышат. Бул тууралуу Кыргызстан аялдар конгрессинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын алкагында өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылга пландар каралат.

Отурумга өлкөнүн бардык аймагынан билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышат.

Copyright © 2017 Maral FM