Биз менен байланышыңыз

Тоолордун экосистемасын коргоо жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекитилди

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 492 | 0

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекитилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча жол картасы президенттин 31-январдагы «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, жактырылган.

Кыргызстан 2019-жылы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясын ишке ашыруу боюнча Париж макулдашуусуна кол койгон жана климаттык милдеттенмелерди өзүнө алган.

Милдеттенмелерге ылайык, Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын эл аралык колдоо менен 43,62 %га кыскартуу милдетин алат.

Тоолордун экосистемасын коргоо боюнча жол картасы парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу, тоолордун экосистемасын сактоо, Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, климаттык каржылоону тартуу жана илимий практикалык конференцияларды, эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM