Президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Бээжин шаарына 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Сапардын алкагында Жапаров «Бээжин-2022» Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаровдун иш сапары аяктап, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.