Казакстандын Акмола облусунда мурдагы мечиттин имаратында газ баллон жарылып, үч адам каза болгонун Tengrinews агенттиги облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берүү менен билдирди.
Коргалжын районунун Сабынды айылында газ-аба аралашмасы жарылган. Имаратта жети газ баллон болгон.
Кырсыктан 46 жаштагы эркек киши, 1983-жылы туулган аял жана 12 жаштагы бала каза болду. Алардын сөөгү урандылардын астынан табылган.
Дагы 16 адам жабыркап, бардыгы Астана шаардык ооруканасына жеткирилген.