Марал Радиосу

Казакстанда газ баллон жарылып, үч адам каза болду, 16 адам жабыркады

Казакстандын Акмола облусунда мурдагы мечиттин имаратында газ баллон жарылып, үч адам каза болгонун Tengrinews агенттиги облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Коргалжын районунун Сабынды айылында газ-аба аралашмасы жарылган. Имаратта жети газ баллон болгон.

Кырсыктан 46 жаштагы эркек киши, 1983-жылы туулган аял жана 12 жаштагы бала каза болду. Алардын сөөгү урандылардын астынан табылган.
Дагы 16 адам жабыркап, бардыгы Астана шаардык ооруканасына жеткирилген.

Exit mobile version