Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жогорку Кеңештин 4 депутаты, 1 аким, 1 мэр жасалма дипломго шектелүүдө

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 1109 | 0

Бүгүн, 14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүү, жарандыгын тактоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

УКМКнын басма сөз кызматы төмөндөгү кызматкерлер жасалма дипломго шектелип, тыкыр текшерүүгө алынып жатканын билдирди:

  • Жогорку Кеңештин 4 депутаты;
  • Жогорку Кеңештин аппаратынын 1 кызматкери;
  • шаардык кеңештин 3 депутаты;
  • 2 судья;
  • Эсептөө палатасынын 1 аудитору;
  • ички иштер органдарынын 10 кызматкери;
  • чек ара кызматынын 1 кызматкери;
  • Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери;
  • Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери;
  • Экономика министрлигинин 2 кызматкери;
  • Транспорт министрлигинин 3 кызматкери;
  • Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкери;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери;
  • Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) 1 кызматкери;
  • Саламаттыкты сактоо тармагынын 1 кызматкери;
  • Билим берүү тармагынын 17 кызматкери;
  • Социалдык фонддун 1 кызматкери;
  • 2 банк кызматкери;
  • 4 муниципалдык кызматкер;
  • 1 муниципалдык-аймактык башкаруунун адиси;
  • 1 президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
  • 1 учурдагы мэр;
  • 1 мурунку мэр;
  • 1 вице-мэр;
  • шаардык кеңештин 1 кызматкери;
  • 1 район акими;
  • 7 айыл аймактын башчысы;
  • 2 айыл аймактын башчысынын орун басары;
  • 7 айыл өкмөт кызматкери;
  • 5 айылдык кеңештин депутаты.

Ошондой эле кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча 1 коррупциялык схема текшерилүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен.

12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

УКМК мамлекеттик кызматкерлерди терс иштерге жол бербөө максатында билими тууралуу жасалма дипломдорду жана документтерди өз ыктыяры менен берүүгө же болбосо өз демилгеси менен ээлеген кызмат ордун бошотууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM