Биз менен байланышыңыз

УКМК: Калмаматов аймактар аралык кастыкты козутканы үчүн кармалды

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 1724 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козутканы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

УКМК тараткан билдирүүгө таянып айтсак, Бактыбек Калмаматов социалдык тармактагы баракчалары аркылуу аймактарды жикке бөлүп жүргөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгон.

«УКМК тарабынан туруктуу негизде улуттар, аймактар жана диндер аралык негиздеги ар кандай көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары тынчтыкты жана ынтымакты бузган адамдарды аныктоо жана тастыктоо максатында интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө», — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Ошондой эле Калмаматов топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде камакка алынганын, анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту 48 сааттын ичинде аныктай турганын кабарлашты.

Copyright © 2017 Maral FM