Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Калмаматов 48 саатка камакка алынды

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 989 | 0

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттык» партиясынын төрагасы Исмаил Исаков «Маралга» билдирди.

Исаков Бактыбек Калмаматовдун кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Себеби ага УКМКнын билдирүүсү түнкү саат 01:00дө берилген. Ошол эле учурда Калмаматов Умра сапарынын алдында Чек ара кызматына чалып, ага чыгууга уруксат бар-жогун тактап, андан кийин билет сатып алган.

УКМК азырынча расмий маалымат бере элек, байланышуу мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, экс-депутат Бактыбек Калмаматов кечээ, 21-декабрда Умра сапарына 14 күнгө бара жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунан Чек ара кызматы өлкөдөн чыкканга чектөө коюлганын маалымдаган. Андан соң УКМК кызматкерлери тергөө бөлүмүнө алып кеткен.

Бактыбек Калмаматовду УКМК аэропорттон кармап кетти (видео)

Copyright © 2017 Maral FM