Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Калмаматовду УКМК аэропорттон кармап кетти (видео)

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 1207 | 0

Экс-депутат Бактыбек Калмаматовду УКМК кармап кетти. Бул тууралуу ал «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирип, видеокайрылуу жасады.

Калмаматовдун айтымында, кечээ, 21-декабрда Умра сапарына 14 күнгө бара жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунан Чек ара кызматы өлкөдөн чыкканга чектөө коюлганын маалымдаган.

«Мен алардан сурасам, УКМКнын башкармалыгы: «Калмаматовду кармагыла жана мага маалымдама бергиле», — деп тапшырма берген экен. Азыр мага УКМКнын эки кызматкери келип, УКМКнын имаратына алып бара жатышат. Мени күбө катары чакырып жатат экен, бирок эмне иш боюнча экенин айтышкан жок», —  деди Калмаматов.

Ошондой эле ал тарапташтарына кайрылып, тынчсызданууга негиз жоктугун, өзүн эч бир ишке тиешеси жок экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM