Экс-депутат Бактыбек Калмаматовду УКМК кармап кетти. Бул тууралуу ал «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирип, видеокайрылуу жасады.
Калмаматовдун айтымында, кечээ, 21-декабрда Умра сапарына 14 күнгө бара жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунан Чек ара кызматы өлкөдөн чыкканга чектөө коюлганын маалымдаган.
«Мен алардан сурасам, УКМКнын башкармалыгы: «Калмаматовду кармагыла жана мага маалымдама бергиле», — деп тапшырма берген экен. Азыр мага УКМКнын эки кызматкери келип, УКМКнын имаратына алып бара жатышат. Мени күбө катары чакырып жатат экен, бирок эмне иш боюнча экенин айтышкан жок», — деди Калмаматов.
Ошондой эле ал тарапташтарына кайрылып, тынчсызданууга негиз жоктугун, өзүн эч бир ишке тиешеси жок экенин айткан.