Экс-депутат Бактыбек Калмаматов 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттык» партиясынын төрагасы Исмаил Исаков «Маралга» билдирди.
Исаков Бактыбек Калмаматовдун кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Себеби ага УКМКнын билдирүүсү түнкү саат 01:00дө берилген. Ошол эле учурда Калмаматов Умра сапарынын алдында Чек ара кызматына чалып, ага чыгууга уруксат бар-жогун тактап, андан кийин билет сатып алган.
УКМК азырынча расмий маалымат бере элек, байланышуу мүмкүн болгон жок.
Эске салсак, экс-депутат Бактыбек Калмаматов кечээ, 21-декабрда Умра сапарына 14 күнгө бара жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунан Чек ара кызматы өлкөдөн чыкканга чектөө коюлганын маалымдаган. Андан соң УКМК кызматкерлери тергөө бөлүмүнө алып кеткен.