Биз менен байланышыңыз

Бишкекте митингчилер президенттин чыгуусун талап кылышууда

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 893 | 0

Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00дө Өкмөт үйүнүн алдында «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана жарандык активистер митингге чыгышты.

Алар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл боюнча айткан сөзүнө түшүндүрмө беришин талап кылышты.

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай, Көк Таш, Ак-Татыр, Самаркандек жана Лейлек районунун Максат, Арка, Бешкент аймагына жана Тажикстан менен чектешкен бардык аймактарына чек ара коргоо кызматын көбөйтүүсүн, чек ара кызматы жок жерлерге чек ара күзөттөрү коюлуусун талап кылышты.

Мындан сырткары Тажикстан менен болгон бардык чек ара аймактарын жабууну талап кылышты.

Ошол эле учурда митингге чыккандар Президент Садыр Жапаровдун чыгып чек ара боюнча маалымат беришин талап кылышкан.

Митингге чыккандарды милиция кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына баруусуна уруксат бербей, Өкмөттүн өкүлү чыгып, алардын талаптарына жооп бере тургандыгын билдирген.

Саат 15:30га карата Бишкекте митинг уланууда. Ага Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да катышып жатат. Депутат Бурун Аманова маселени парламенттин кезексиз отурумунда көтөрө турганын айтып, элди ынтымакка чакырды.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Түштөн кийин чек арадагы абал кайрадан күчөп, дагы 2 жаран октон жаракат алганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM