Биз менен байланышыңыз

Эки башка мазмунда өткөн митинг жана жөө жүрүш

Саясат | 24 Окт 2022 | 595 | 0

Бишкек шаарында саясатчы жана активисттердин массалык кармалышына каршы жөө жүрүш өтүп, акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бербөө талабы жазылган. Ушул эле күнү өлкөнүн башка аймактарында президентти колдогон митингдер өттү.

23-октябрда кармалган 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттерди бошотуу жана Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бербөө талабы менен Бишкекте өткөн жөө жүрүштүн аягы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоо менен бүттү. Жүрүштүн катышуучулары кечээ кармалган саясатчылардын сүрөттөрүн көтөрүп, “саясий туткундарга боштондук” деген лозунгдарды жазып алышкан.

Акциянын уюштуруучуларынын бири жарандык активист Улан Үсөйүн эки талап бар экенин, алардын бири бийлик Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы чек ара маселесин элге ачык жана элдин пикирин эске алуу менен чечиши зарылдыгын айтты.

“Бардык нерсе ачык болушу керек. Эл менен ачык чечсе гана жакшылыкка алып келет. Канчалык коркутуп-үркүтүп, канчалык жашырган сайын ошончолук күмөн ойлор жарала берет. Экинчиден, кечээгидей саясатчыларды, блогерлерди куугунтуктоо, саясий туткунга алуу эч качан жакшылыкка алып келген эмес”, — деди Үсөйүн.

Уюштуруучулардын дагы бири тарыхчы Элери Битикчи эгер талаптар аткарылбаса, мындай жүрүштөр улана бериши мүмкүн экенин айтты.

“Башында бир эле талап болчу, Кемпир-Абад берилбесин жана документтер ачыкталсын деген. Бирок бийликтин кечээги күтүүсүз аракеттери бизге экинчи талапты койгонго түрттү: бардык кармалгандар боштондукка чыксын. Эгерде бийлик бизде укпаса, мындай аракеттер улана берет”.

Жүрүштүн катышуучулары боштондугун талап кылып жаткан 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттердин басымдуу бөлүгү Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болгон. Алар 15- октябрда Өзгөн шаарында өткөн курултайдын резолюциясынын негизинде комитет түзүп, ага саясатчылар, жарандык активисттер, саясий уюмдар, коомдук бирикмелер мүчө болушкан.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу өлкөгө берилишине каршы пикирин билдирип келгендердин бири. Ал суу ресурсу келечекте талаш болорун айтып, ошол себептен аталган суу сактагыч берилбеши керек деген позицияда.

“Негизи башкы талап – Кемпир-Абад берилбесин. Анткени бул стратегиялык жактан абдан маанилүү. Бул – Кыргызстандын такталган, аныкталган жери. Ошол себептен берилбеши керек. Суу келечекте өтө керектүү бир ресурс болот. Биз ошол ресурсту толугу менен өткөрүп берип койгонубуз – өтө чоң жаңылыштык”, — дейт активист.

Теңизбаев бийликти кармалган активист жана саясатчыларды бошотууга, эл менен ачык диалогго барууга чакырды.

Катышуучулардын бири Жылдыз Уланова Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы экенин, ага кайдыгер карабай бийликке өз талабын айтуу үчүн жүрүшкө келгенин айтат.

“Ар бир кыргыз өз жерин бергиси келбейт. Биз дагы алардын катарында жерибизди берүүнү каалабайбыз. Үйдө кайдыгер карап отура албай, жумуш башталганча келип катышып кетейин дегем”

Ага удаа Ош шаарында да жапырт камоолорго каршы акция болуп, анда катышуучулар кечээ кармалгандарды бошотуу талабын айтышты.

Андан сырткары, Жалал-Абад шаарында, Өзгөн районунда жана Токмок шаарында президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдоого үндөгөн митингдер өттү.

“УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана президент Садыр Жапаровду колдойбуз. Булардан бөлөк эч кимдин бизге кереги жок. Ошолор бизге хан болуп, ошолор бизге башчы болуп, Кыргызстанды өнүктүрөт деп ишенебиз. Биз аларды көзүбүздүн карегиндей сактайбыз”, — деген чакырыктар менен бийликке колдоосун билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад маселеси боюнча бир канча жолу кайрылуу жасап, жергиликтүүлөр менен жана активист, саясатчылар менен жолугушуу уюштурган. Анда өлкө башчы Кыргызстан 99% утушта болорун айткан.

Бирок буга Өзгөн районунун тургундары, саясатчы, активисттер каршы чыгып келишет.

Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандагы стратегиялык объектилердин бири. Ал 1983-жылы курулушу бүтүп, ишке берилген суу сактагыч 5968 гектар жерде жайгашкан. Анын 5022 гектар жери Кыргызстанга таандык. Суу сактагычтан Өзбекстан 240 миң гектар жерин сугарат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев суунун горизонтун төмөндөтүү келишими менен 4485 гектар жерди Өзбекстанга 19 миңдей гектарга алмаштырарын айткан. Анда Кыргызстанга өтүп жаткан жерлердин баары талаштуу болуп келген аймактар экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM