Биз менен байланышыңыз

Оппозициячыл партиялар митингге чыга турганын жарыялады

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 2630 | 3

Бүгүн, 29-ноябрь саат 14:00дө Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында шайлоо жыйынтыгын тааныбаган партия өкүлдөрүнүн нааразычылык акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу «Улуттар Биримдиги» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эржан Кайыпов «Фейсбук» баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сервердин бузулушу боюнча комментарий берген. Анын айтымында, алгач сайтка туура эмес программа жүктөлгөн.

Күтүүсүз кырдаал айрым партия өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратып, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Бул боюнча Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, БШКнын добуштарды бурмалаганы аныкталса, анда бардык кызматкерлери жоопко тартыларын белгиледи.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.

3 пикир

3 пикир

  1. Кулумкан

    29.11.2021 12:38

    Биз Раазыбыз Эскилер Кеткиле Истинно Ичинер Откончо Чычтынар Жарылганча Жаштар Иштесин Аларды Колдойлу Аталарынан Калган Жок Мураска Кресло Козунорду Ачкыла

  2. Кулумкан

    29.11.2021 14:26

    Точно Ушуларды Гайдамак Эмесмин Аллаха Мин Мертебе Раазымын Жаштар Иштесин Жаштарды Колдойлу Атадан Калган Мурас Эмес

  3. Айтбубу

    30.11.2021 01:06

    Демек алдыга жылыш аз да болсо бар экен.Экономияга ото баштаппыз. Жаман эмес.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM