Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңешке шайлоого жарандардын 34,39%ы катышты

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 1438 | 0

Бүгүн, 29-ноябрь саат 07:30гө карата автоматтык эсептөөчү урналардын (АСУ) маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 1 миллион 273 миң 557 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 2 430 АСУнун 2494үнүн ( 97.43%) маалыматы алынды. Добуш берүүгө шайлоочулардын жалпы санынын 34, 39%ы катышты.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2435 АСУнун ичинен 2431нин маалыматы алынды. Жалпысынан добуш берүүгө 3 млн 519 миң 292нин 1 млн 264 миң 103ү келген.

Copyright © 2017 Maral FM