Биз менен байланышыңыз

Кол санак 97% аяктады. Босого баллдан 6 партия өттү (тизме)

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 12521 | 1

Бүгүн, 3-декабрь саат 18:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 97,07 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.

Добуштардын 97,07 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16,97%,

«Ишеним» — 13,53%;

«Ынтымак» — 10,99%;

«Альянс» — 8,13%;

«Бүтүн Кыргызстан» — 6.94%;

«Ыйман Нуру» — 6,11%.

Copyright © 2017 Maral FM