Биз менен байланышыңыз

Кол санактын кечигиши партиялардын нааразычылыгын күчөтүүдө

Саясат | 30 Ноя 2021 | 1423 | 0

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өттү. Бул ыкма жаңы киргизилип жаткандыктан добуштарды кол менен саноо көбүрөөк убакытты талап кыла турганы айтылууда. Ошол эле учурда убакыт өткөн сайын шайлоонун алдын ала жарыяланган жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын күмөн саноолору күчөп, «бурмаланбайт» дегенге кепилдик жок экенин билдиришүүдө. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бүгүн, 30-ноябрь саат 14:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 24,18% кол менен саналып бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2494 шайлоо тилкесинин болгону 603үндө бюллетендер саналды. Буга чейин автоматташтырылган системада добуштардын 97,59% эсептелген. Кол менен саналган бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Ишеним», «Ыйман Нуру», «Альянс», «Эл үмүтү» партиялары 5%дык босого баллдан өтүшкөн.

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов быйылкы шайлоо жаңыча система менен өткөндүктөн, добуштарды кол менен саноо көбүрөөк убакытты талап кыла турганын белгиледи. 21 партияда жалпы 1015 талапкер болгондуктан ар бирин санап чыгуу көп убакытты алат.

«Эмне үчүн кол менен саноо процесси узак болуп кетти, биз бул боюнча көп эле жолу айтып келе жатабыз. Жайында бул жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда эле тобокелчиликтердин баары айтылган болчу. Депутаттардын сунушу менен кирген переференциалдык система биздин жумушка абдан оорчулук алып келди. Билгенбиз, баарын санап чыкканга көбүрөөк убакыт кете турганын. Канча убакыт кетет деп сураганбыз, мен эки эсе көп убакыт кете турганын болжолдогом».

«Улуттар Биримдиги» партиясынан талапкер, юрист Эржан Кайыпов серверде кеткен мүчүлүштүктү жоюунун бир гана жолу «Шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 35-беренесинде көрсөтүлгөндөй, тыныкпай туруп, кол менен эсептеши керек болчу деп эсептейт.

Анын айтымында, эгерде кол менен эсептөө ошол түнү жүргүзүлгөндө ишенимдүү болмок, азыркы эсептөө маанисин жоготту. Бюллетендер алмаштырылбаганына эч кандай кепилдик жок.

«»Шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 35-беренесинде көрсөтүлгөндөй, шайлоо бүткөндөн кийин тыныгуусуз эсеп жүрүшү керектиги жазылып турат. Демек, саат 20:00дө шайлоо тилкеси жабылат, ичинде калган шайлоочулар добуш берип чыгышат. Андан кийин байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары, партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынтыгы чыкмайынча тыныгуусуз эсеп жүрөт. Башкача айтканда, кол менен эсеп чыкмайынча, бул иш бүтпөшү керек болчу. А бирок кандай болду? Мисалы, биздин байкоочуларга АСУ чыгарган эсебин эле көрсөтүп, ошону менен алар шайлоо тилкелеринен чыгарылган. «Колго эсеп жүрүшү керек, ал чыгып, протокол түзүлмөйүн кетпейбиз, кол койбойбуз» дешсе да, «колго эсеп эртең болот» деп чыгарып салышкан».

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, мурунку система менен өткөн шайлоолордо тилке комиссиялары добуштарды түнү менен санап, эртең мененки 6:00гө чейин аймактык шайлоо комиссиясына отчёт алып келип берүүсү керек болчу. Аралаш шайлоо системасына өткөндө депутаттар бул ыкмада добуш саноо көп убакытты аларын түшүнүп, мыйзамдан чектөөнү алып салышкан.

«Мурунку шайлоолордо партиялар канча добуш алганы эле саналгандыктан жеңил болчу. Азыр болсо, биринчи бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлердин канча добуш алганын санап, тактап, протоколго кол коюлуп, ар бир талапкердин байкоочуларына бирден көчүрмө мөөр басылып берилет. Андан кийин гана партиялык тизмени санай баштайт. Алгач 21 партиянын ар бири канча добуш алганын санайт. Андан кийин партиянын ичиндеги талапкерлердин ар бири канча добуш алганын санайт. Жалпы — 1015 талапкер.  Ошондуктан убакыт кичине созулуп жатат. Мурунку система менен өткөн шайлоолордо тилке комиссиялары добуштарды түнү менен санап, эртең мененки 6:00гө чейин аймактык шайлоо комиссиясына отчёт алып келип берүүсү керек болчу. Аралаш шайлоо системасына өткөндө депутаттар бул система менен добуш саноо көп убакытты аларын түшүнүп, мыйзамдан бул чектөөнү алып салышкан».

29-ноябрда айрым партиялардын өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгып, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышкан. Бүгүн «Азаттык» партиясы да шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышып, жаңы шайлоо өткөрүү талабын коюшту. Партия лидери Исмаил Исаков кол менен эсептөөнү да тааныбай турганын, ал сайтка чыккан кийинки маалыматка жараша оңдолуп жатканын билдирди.

«Биздин чечим боюнча биз шайлоону тааныбайбыз. Жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылабыз. Жанагы кол менен саноону да тааныбайбыз. Себеби, алар сайттагы кийинки оңдолгон малыматка жараша, өздөрү ошондой фактыларды жазып, элге таңуулаганы аракет жасап жатышат. Ал мыйзамсыз, убакыт өттү, биз аны тааныбайбыз». 

Президент Садыр Жапаров нааразы болгон партияларга «Фейсбуктан» кайрылуу жасап, шайлоонун жыйынтыгы сервер аркылуу бурмаланды делген маалыматтарды четке кагып, бюллетендерди кол менен санап чыгууну сунуштаган.

Бүгүн, 30-ноябрда Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу парламенттик шайлоого катышкан партия жетекчилерине дагы бир кайрылуу жасады. Президенттин пикиринде, шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясынын кетирген майда катасынан улам ишенбөөчүлүк жаратууда.

«БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктын БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз».

28-ноябрда шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир канча убакыттан кийин кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Президенттин айтымында, бийлик БШКнын ишине кийлигишкен жок, БШК да добуштарды бурмалаган жок, болгону адистин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети териштирүү баштады. Эске салсак, президент Кыргызстанда таза шайлоо өтөрүн дүйнө жүзүнө далилдей турганын жар салган.

Copyright © 2017 Maral FM