Биз менен байланышыңыз

Шайлоодон кийинки парламенттин биринчи жыйыны

Саясат | 1 Дек 2021 | 1104 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары өз ишин улантууда. Өткөн жумда кезексиз жыйынга чогулуп, бирок кворум болбогондуктан тарап кетишкен. Бүгүн саат онго белгиленген жыйын 11:20да башталып, ага 62 депутат катышты. Жыйында бир катар социалдык-экономикалык маселелер жана бир нече мыйзам каралды. Ошондой эле үч депутаттын иши боюнча комиссия түзүлдү. Жыйынга алдыда кененирээк токтолобуз.

1-декабрдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакыт Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамаларын кароо үчүн 7 кишиден турган атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Тизмени жалпыга вице-спикер Аида Касымалиева окуп берди.

«Тизмеге «КСДП» фракциясынан Евгения Строкова , «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Авазбек Абдугапаров, «Кыргызстан» фракциясынан Канатбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Тазабек Икрамов, «Бир Бол» фракциясынан Мамасадык Бакиров, «Ата Мекен» фракциясынан Эмиль Токтошев жана «Кыргызстан» фракциясынан Алмаз Токторов кирди».

Түзүлгөн комиссия үч депутат боюнча алып барылып жаткан ишти карап чыгып, корутундусун палатага алып келет. Андан соң депутаттар чечим чыгара турганын комиссияга мүчө болгон эл өкүлү Канатбек Исаев билдирди.

«Бул жерде комиссия түзүлүшү керек, айрым кесиптештерибиз айтып жатат, «жөн эле салып беребизби» деп. Жөн эле салып берүү боюнча бул жакта сөз жок. Комиссия күнөөсү барбы-жокпу, иш кандай козголгон, кандай тергелип жатканы боюнча өзүбүздүн баабызды берели. Комиссия иштеп чыккан корутундуну кабыл алабы-албайбы, макул болобу-каршы болобу, аны жалпы палата чечет».

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ошондой эле Бактыбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар шайлоо боюнча БШКнын маалымат берүүсүн талап кылышты. Айрымдары шайлоодо бир катар мыйзам бузуулар орун алганын айтышса, айрымдары шайлоо таза өткөнүн белгилешти.

Депутат Шайлообек Атазов Оштун Төлөйкөн округунда административдик ресурс колдонулуп, баштык менен акча таратуулар болгондугун айтып, Ошто мыйзам бузууларга чара көрүлбөй жаткандыгын белгиледи.

«Мына көрдүңүздөр, шайлоодо кандай саясий оюндар болду. Айрыкча биздин Оштогу Төлөйкөн округунда сатып алуулар эбегейсиз чоң болду. Админресурс болуп көрбөгөндөй болду, баштык менен акча таратуулар болду. Бүгүнкү күндө ошол таратылган акчаларды кармап, милицияга тапшырып, «мен Мирбек Алимбековдун агитаторумун, алдым» деп турса да бүгүн токтомдорду кечиктирип жатышат. Айыл өкмөттөр кандай иштеди, ошол кичинекей имараттарга коюп алып карап турушту. Бир эле айылдан кырк аялды мыйзамсыз агитатор кылып алышты, биз президенттин таза шайлоо болот дегенине ишенип, бир мандаттуу округдан чыктык. Бизге мандат керек эмес, бизге элдин үмүтүн сындырбоо керек. Эгерде бул шайлоого да мыйзамдуу баа бербесек, анда эл такыр ишенбей калат». 

Ал эми депутат Тазабек Икрамов негизинен шайлоо таза өткөнүн белгилеп, өз шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирди.

«Негизинен таза шайлоо болду, бирок анын ичинде акчага сатып алуулар да болду. Андан башка да көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Сөзсүз түрдө муну карап, баа берүү керек. Жалпысынан мен өзүмдүн шайлоочуларыма ыраазычылык билдирип кетет элем. Негизинен таза шайлоо болду, кандай гана акча таратуу, кандай гана басым болбосун, эл өзүнүн баасын берип, өзүнүн талапкерлерин шайлап берди». 

Айбек Осмонов да шайлоонун таза өткөнүн белгилеп, бүгүнкү күнгө чейин мындай таза шайлоо болбогонун айтты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарын 29у бир мандаттуу округдан талапкер болушуп, алардын ону алдын ала жыйынтык боюнча кайра шайланышты.

Кошумчалай кетсек, эртең, 2-декабрь саат 10:00дө Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM