Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш: Комитет төрагасынын орун басарлары үчтөн ашпайт

Саясат | 13 Янв 2022 | 2440 | 0

12-январдагы 10 саатка созулган жыйында Жогорку Кеңештин түзүмү каралып, Кыргыз парламенти төрага, 3 орун басар, 8 комитет, 6 фракция, 1 топтон куралды. Парламенттин бүгүнкү отурумунда комитеттердин курамы такталып, орун басарлары шайланды. Парламенттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда комитеттердин курамы такталып, орун басарлары шайланмай болду. Жыйын саат 14:00дө башталган, «Ынтымак» фракциясынан Марлен Маматалиев алгачкы мүнөттөрдө эле 30 мүнөттүк танапис сурады.

«Биздин фракция танапис сурап жатат. Регламентте көрсөтүлгөндөй биз танапис ала алабыз. Бизге 30 мүнөт танапис берсеңиздер?».

Ошондой эле депутат Дастан Жумабеков кийинки жумада Министрлер кабинетин Жогорку Кеңешке чакырууну сунуштады.

«Биринчи маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү, жазгы талаа иштерине даярдыктар боюнча маалымат алынып, элдин суроолоруна жооп берилиши керек».

30 мүнөттүк танапистен соң Жогорку Кеңештеги фракциялар жана топтор комитет төрагаларынын орун басарлыгына талапкер көрсөтүштү. Мыйзам боюнча орун басарлардын санына чек коюлбайт. Бирок депутаттар Камила Талиева менен Мирлан Бакиров үчтөн гана орун басар бекитүү сунушун беришип, 48 «макул» добуш менен сунуш өттү.

«Менин тынчсызданганым, себеби эртең эле бир комитет төрагасы иш сапары менен башка өлкөгө бара турган болсо, анын беш орун басарына тең кол коюу укугу берилип кала турган болсо, анда мыйзамдар, токтомдор, ратификациялар эмне болот? Ошондуктан комитеттин төрагасынын үч гана орун басары болушу керек. Мына ошол тартип сакталышы зарыл», — деди Мирлан Бакиров.

Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо комитеттердин төрагалары менен орун басарлары да бир фракциядан болуп жатканын сынга алып, «абийирге туура эмес болуп калбайбы?» деген суроо салды.

«Төө көрбөгөн кутуругур» деген сөз бар кыргызда. Комитеттин төрагасы да, анын экиден орун басары да бир эле фракциядан болгону туура элеби, урматтуу төрага? Ушуну карап койсоңуздар. Бул эми абийирге, намыска туура эмес болуп калат го дейм, кандай дейсиздер?»

Самыйкожонун сынынан кийин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан эки депутат Таалайбек Сарыбашев менен Алишер Козуев өздөрүнүн талапкерлигин чакыртып алышты.

Бир катар талаш-тартыштардан соң, бирдиктүү комитеттин төрагасы Бакыт Төрөбаев түзүмдүк комитеттердин төрагаларынын орун басарлыгына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча комитеттин чечими менен тааныштырып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунуштады. Чечим 64 добуш менен негиз катары кабыл алынды.

Учурда эсептөө комиссиясы орун басарларды шайлоо иштерин алып барышууда. Шайлоо жашыруун түрдө, бюллетень салуу аркылуу өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM