Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш чек араны чечүүдө тажик парламенти менен кызматташкысы келет

Саясат | 3 Фев 2022 | 1167 | 0

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы отурумунда депутаттар ар кыл маселелерди карашып, өкмөткө бир нече протоколдук тапшырма беришти. Негизги басым аймактардагы авариялык абалдагы мектептер, башталып бүтпөй калган социалдык имараттар, жол салуу, дары-дармек тармагына жасалды. Ошондой эле бир мыйзам долбоору каралып, бир катар сындардан кийин тармактык комитетке кайра жөнөтүлдү. Жыйындын соңунда Тажикстандын парламентине жолдоно турган кайрылуунун тексти каралды.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Көпчүлүк депутаттар айыл чарбадагы көйгөйлөргө токтолушту. Алсак, Өмүрбек Бакиров жазгы айдап-себүү иштери башталганын белгилеп, бирок мамлекет бөлгөн каражат дыйкандарга жетпей жатканын эскертти.

Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Талас облусунун негизги өндүрүшү болгон төө буурчакты чет өлкөгө экспорттоодо бир катар көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.

«Талас облусунун эли төө буурчак айдап, чет өлкөгө экспорттоо менен 100 миллион сомго жакын киреше табат. Бирок жакында эле азыктагы ГМОну аныктоо талабы, айрыкча Индияга жана Европага кетип жаткан товарларга коюлуптур. Ал мамлекеттер ГМОго сертификаты жок товарды өлкөсүнө киргизбейт экен. Тилекке каршы, Таласта аны аныктай турган мекеме жок. Тез арада аталган маселени Өкмөт чечиши керек».

Жыйындын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны жөнөкөй жарандар үчүн жоюп салууну сунуштады.

«Мына кечээ Казакстандагы кырдаалда кыргыз жарандары Москвада аэропортто калып калган. Бишкектен да аларга тамак берип, мейманканаларга жаткырып, сый-урмат көрсөтүштү. Маселен, Орусия менен Белорусиянын ортосунда жөнөкөй жарандар үчүн чек ара жок. Мына биз да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны жоюу маселесин көтөрүп чыгышыбыз керек». 

Ошондой эле Төрөбаев Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек ара постторун ачууга даяр экенин белгилеп, мындан туризм жана экономика өнүгө турганын кошумчалады.

Ал ортодо депутат Балбак Түлөбаев президентке кайрылып, айрым министрлерди кыматтан кетирүүсүн суранды. Анын айтымында, президенттин жанында жүргөн айрым кадрлар зыянын тийгизе баштаган.

«Президенттин өкмөтүн коргоп жатып, мага «пахтакор» деген ат коюшту. Өкмөттүн жакшы иштерин жазганым үчүн «пахтакор» болдум, бирок мен ага терикпейм. Эл кандай ат койсо, ошого татыктуубуз. Эми дайындалгандар шайлангандарды сындайбы? Ар ким өзүнүн ордун билиши керек. Президенттин айланасындагы кадрлар президентке зыянын бере баштады. Буларды тазалоо керек. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич, айланаңыздагы кээ бир министрлерди иштен айдаңыз. Мына Түмөнбаев да ушуну айтып жатат. Бул маселени караганга убакыт келди».

Бир сааттык түшкү тыныгуудан кийин депутаттар Тажикстандын парламентине жолдонуучу кайрылуунун текстин карап, макулдугун беришти. Кайрылууну жалпы жыйынга депутат Камила Талиева окуду.

«Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары, 2022-жылдын 27-январында болгон эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, ынтымак, коңшулаштык жана өз ара колдоочулук мамилелерге каршы келген кезектеги чек ара жаңжалы боюнча олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз. Адам жоготууларына жана карапайым калктын азап чегүүсүнө алып келген согуш катышуучуларына айланган чек ара жаңжалдары боордош элдин ортосунда болбошу керек. Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, мындан ары чек ара жаңжалдарынын алдын алуу жана аларга жол бербөө максатында чек ара аймактарында талаптагыдай көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан аракеттерин кубаттайт».

Ошондой эле кайрылууда эки өлкөнүн парламенттери делимитация жана демаркация маселелерин жөнгө салууну тездетүүсү зарыл деп эсептей турганы жазылган.

Мындан сырткары эл аралык келишимдерди, адамдын укугун жана эркиндигин урматтоонун ченемдерин сактоого, чек ара аймактарында туруктуулукту, бейпилдикти чыңдоого, ишеним артуу чараларын жүзөгө ашырууда тыгыз кызматташууга чакырышкан.

Кайрылуу Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинде колдоо тапканын Жанар Акаев кошумчалады.

Жыйынындын соңунда «Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү жана соттук-укуктук реформа маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, айрым депутаттардын сынынан кийин комитетке кайра жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM