Биз менен байланышыңыз

Президент: Утулгандар кыйкырып жатышат. Аларга жөн гана шылтоо керек

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 1549 | 0

Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте көпчүлүк элдин баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров журналист Асланбек Сартбаевге берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, «Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү» деп айтышкан өлкөлөр бар. Ошол эле демократиялуу делген Европа, Америка өлкөлөрү да жакшы баа беришкен.

«Добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен алмаштырышат» деген саясатчылардын айткандары абсурд. Республика боюнча шайлоо комиссиясынын 31 миң мүчөсү бар. Элестетиңиз, 31 миң кишинин катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң, бир заматта билинип калчу заман. Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 миң мүчөсү «бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык» деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Ал эми протоколдорду кайра көчүрүп жазып жаткандар ар бир шайлоодо болот. Айрымдары туура эмес толтуруп алышат. Кайра оңдошот. Баары эле бирдей билимдүү эмес да. Эң негизгиси, бюллетендер так болсо болду», — деген президент.

Ошондой эле ал бул жерде болгону БШКнын катасы утулуп калган партиялардын чырагына май тамызып берген.

«Утулгандар өздөрү деле эң жакшы билишет санактар жакшы эле кетип жатканын. Билмексен болуп кыйкырып жатышат. Аларга жөн гана шылтоо керек. Серверди түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле сайрап жатып калышты. Айрымдары элдин башын айлантып, өздөрү таблица чийип ала коюп сүйлөп чыгышты. «Мына, ушинтип уурдайт добуштарды», — дешип. Кимде ким добуш уурдаган болсо, аны Кудай өзү жазаласын. Бирок, азыр техниканын заманы. Азыр добуш уурдай албайсың», — дейт Жапаров.

Президент «серверге кирип жасайт, добуш уурдайт» деген түшкө кирбеген нерсе экенин белгилеген.

Мамлекет башчысы түшүндүргөндөй, сервер БШКга санактын сандарын гана чыгарып берип турат. БШК болгону аны өзүнүн сайтына жарыялайт. Ошол БШКнын сайтынан бир санды эки жолу салып, ката кетирип алышкан. Бирок тез эле сервер чыгарып берип жаткан сандарга кайра коюлган.

Мындан сырткары ал сервердеги кемчилик боюнча УКМК териштирүү кылып, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилиги карала турганы  айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM