Биз менен байланышыңыз

ШКУнун байкоочулар миссиясы шайлоо ачык жана демократиялуу өткөнүн ырастады

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 734 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ачык-айкын, ишенимдүү жана демократиялуу өттү деп тааныды. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде ШКУнун башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов билдирди.

Миссияга илимий, мыйзам чыгаруу жана шайлоо мекемелеринен, ШКУ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлдөрүнөн, ШКУ катчылыгынын кызмат адамдарынан жалпы 19 байкоочу катышкан.

«Биз өз ишибизде президенттик жана парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумда ШКУнун байкоочуларынын миссиясы жөнүндө жобону жетекчиликке алдык. Ошону менен бирге саясий бейтараптуулуктун, объективдүүлүктүн жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөөчүлүктүн принциптерин, Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо менен парламенттин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын иштелип чыккан иш программасына ылайык иш жүргүздүк», — деди ал.

Муну менен катар Эшимов байкоочулар миссиясы БШКнын жетекчилиги, катчылык, аймактык, шаардык жана райондук шайлоо тилкелеринин мүчөлөрү, жергиликтүү байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү жана эл аралык байкоочулар менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.

Жыйынтыгында Ерик Ашимов болуп өткөн шайлоо боюнча миссиянын корутундусун белгилеп, ШКУнун байкоочулар миссиясы Жогорку Кеңештин шайлоосун ачык-айкын, ишенимдүү жана демократиялуу өттү деп тааныды.

Copyright © 2017 Maral FM