Биз менен байланышыңыз

Саат 9:00гө карата босого баллдан өткөн партиялар өзгөргөн жок

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 5284 | 0

Бүгүн, 29-ноябрь саат 9:00гө карата БШКнын расмий сайтына жарыяланган маалыматтар боюнча алты партия босого баллдан өттү.

Алар төмөнкү саясий партиялар:

  • «Ата Журт Кыргызстан» – 16,44%;
  • «Ишеним» – 13,2%;
  • «Ынтымак» — 10,65%;
  • «Альянс» – 8,07%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» – 6,58%;
  • «Ыйман Нуру» — 5,95%.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.

Copyright © 2017 Maral FM