Биз менен байланышыңыз

АКШ элчилигинин алдында «Кумтөргө» байланыштуу митинг өтүүдө

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 625 | 0

Бүгүн, 17-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «Центерра Голд» компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп таануу тууралуу Нью-Йорк сотуна берген доо арызы боюнча митинг өтүүдө.

Жарандар тынч жүрүшкө «Американын калыс сотуна ишенебиз» деген ураан менен чыкты. Митингдин катышуучулары «Центерра» алдамчылык иштерге барганын, кенди иштетүүдө экологияга зыян келтиргенин, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү талкаланганын айтышууда.

Ошондой эле, алар «Центерранын» доо арызы боюнча соттук процесс бүгүн, 17-августта башталарын белгилешип, Нью-Йорк сотун бул ишти калыс кароого чакырышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM