Биз менен байланышыңыз

Америкалык компаниялар Кыргызстандан ок-дары алууга кызыкдар

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 3602 | 0

Америка Кошмо Штаттарындагы компаниялар аң уулоо жана спорт үчүн колдонула турган ок-дарыларды Кыргызстандан сатып алууга кызыгууда. АКШ буга чейин орусиялык заводдор менен кызматташып келсе, киргизилген санкциядан улам соода алакасы токтоп калганы себеп болду. Бул тууралуу Бишкек штамптоо заводунун директорунун орун басары Алмаз Акматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

— АКШдан 2 компания келип, кызматташуу тууралуу сүйлөшүп кетти. Кийинки жумада дагы бир компаниянын келери күтүлүүдө. Андан тышкары 3-4 ишкана да кызыгып жатат. Ошол үчүн 2022-жылы заводдун кирешеси эки эсеге көбөйөт деп божомолдоп жатабыз. 

Акматалиевдин айтымында, АКШда спорт жана аң уулоо максатында 1 жылда 8 млрд даана ок-дары колдонулат. Анын 1 млрд даанасы буга чейин Орусиядан импорттолуп келген. Азыркы геосаясий кырдаалдан улам бул рынок убактылуу бош калууда.

-Орусияга киргизилген санкция 2023-жылы толугу менен ишке кирет. Ошого чейин бул боштукту ээлеп калуу үчүн дүйнө жүзүндөгү заводдор аракет кылууда. Алардын катарында Бишкек штамптоочу заводу да бар. Бул багытта БШЗ инвесторлорду тартуу, заводдогу жабдууларын жаңылоо аракетин көрүүдө. Мындай мүмкүнчүлүктү колдонуп, завод карыздан кутулуп, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтө алат. 3-4 жыл ичинде 200 млн долларлык (17 млрд сомго жакын) товар өндүрүүгө жетишебиз.

Бишкек штамптоочу заводу 1941-жылы Луганск шаарынан көчүрүлүп келген. Учурда ок-дарынын 3 калибрин чыгарат. Заводдун 2020-жылы чыгарган продукциясынын баасы 400 млн сомго жеткен. БШЗнын ок-дарыларынын 99%ы чет өлкөгө экспорттолот.

Copyright © 2017 Maral FM