Connect with us

NYT: АКШ Украинага ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат берди

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 297 | 0

АКШ президенти Жо Байден Украинага узак аралыктан атылган ATACMS ракеталарын Орусиянын Курск аймагындагы аскердик объектилерине каршы колдонуусуна уруксат берди, — деп өкмөттөгү булактарына таянып The New York Times басылмасы жазды.

Басылма АКШ өкмөтүнүн бул чечимин «АКШнын саясатын олуттуу өзгөртүү» деп атады. Мындай чечим Курск аймагына Түндүк Кореянын аскерлери жайгаштырылганына жооп катары кабыл алынганын да жазышкан.

The New York Times басылмасынын өкмөттөгү булактары АКШнын ATACMS ракеталарын колдонуу боюнча саясатын өзгөртүүсү согуштун жүрүшүн түп-тамырынан өзгөртпөйт деп эсептешет.

Байдендин кеңешчилери ATACMS ракеталарын Орусиянын башка аймагына каршы колдонуу маселесинде бир пикирге келе электигин басылманын булактары белгилейт. Азырынча сөз ракеталарды Курск аймагындагы объектилерге гана сокку берүүгө уруксат берүү тууралуу жүрүп жаткан болсо да, келечекте Байден Украинага бул куралдарды башка жерлерде колдонууга уруксат бериши мүмкүн экени да айтылган.

Reuters агенттигинин булактары дагы Байден Украина Куралдуу Күчтөрүнө ATACMS ракеталарын Орусия аймагына сокку урууда колдонууга уруксат бергенин тастыктады. Украиналык аскерлер жакынкы күндөрдө бул мүмкүнчүлүктү колдонууну пландап жатышканы маалымдалган.

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ жеткирген узак аралыктан атылган ракеталарды Орусия аймагына каршы колдонууга уруксат берүүнү көптөн бери суранып келген.

АКШ Украинага узак аралыктан атылган ATACMS ракеталарын, Улуу Британия — Storm Shadow, Франция — SCALP ракеталарын жеткирген. Украина Куралдуу Күчтөрү бул куралдарды Орусия аннексиялаган Крымдагы объектилерине сокку урууда колдонгон. Мурда Франция жана Улуу Британия Украина Куралдуу Күчтөрүнө бул багытта уруксат берүүгө даяр экенин маалымдашкан, бирок бул үчүн АКШ дагы ATACMS ракеталары үчүн уруксат бериши талап кылынган.

Copyright © 2017 Maral FM