Бишкектин Арча-Бешик конушунда бычак жеп каза болгон 27 жаштагы келиндин күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу борбордун Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмү – “Мыкаачылык менен адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон.
15-ноябрда Бишкекте жубайлар кызганычтан улам чырдаша кеткен. Анын кесепетинен 27 жаштагы Н.А аттуу келин бычакталып, ооруканага жеткирилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, келин ооруканада каза болгон.
Аны күйөөсү 34 жаштагы жаран да бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген.
Маалым болгондой, Бишкектин Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде 1997-жылы туулган Н.А. менен анын күйөөсү 1990-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын ортосунда кызганычтан улам чыр чыккан. Туугандары экөөнү тең ооруканага жеткиришкен.